Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренинг башталды

Көрүлдү: 71

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарында Майлуу-Суу колледжинин, Бишкек-техникалык колледжинин, Ош индустриалдык-педагогикалык колледжинин, Нарын педагогикалык колледжинин, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жана Жалал-Абад колледжинин 24 окутуучусу үчүн “Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо” адистиги боюнча тренинг башталды.

post.title

Технологиялардын тездик менен өнүгүүсүнөн улам, орто билим берүү системасынын окутуучулары аталган адистик боюнча квалификациясын бир жылда бир жогорулатып туруусу керек.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы”: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр долбоорунун алкагында аталган адистик боюнча окуу-методикалык комплекс иштелип чыккан. Он төрт күнгө созулган 72 сааттык тренинг учурунда педагогдор аталган билим берүү программасында камтылган темалар боюнча окутуудан өтүп, программалоонун жаңы түрлөрү боюнча көндүмдөргө ээ болот.
Иш-чаранын өзгөчөлүгү – окутуучулар окутуудан өткөнү тууралуу сертификат алып тим болбостон, тренингди мыкты өздөштүргөндөрү колледжд жана лицейлердин окутуучуларын ЭТАСПК адистиги боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алат. Бул, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасындагы педагогдордун өз адистиги боюнча билим сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар