Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Баштапкы билим берүү окуу жайларынын мугалимдери билим берүү стандарттарын ишеп чыгуу боюнча окутуудан өтүүдө

Көрүлдү: 70

Бүгүн, 28-сентябрда “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында башталган тренингге Бишкек шаарынан жана аймактардан 20дан ашык кесиптик лицейдин мугалимдери, ошондой эле Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдөрү катышууда.

post.title

Баштапкы билим берүү системасына кесиптик стандарттар 2018-жылы киргизилип, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 10 кесиптик стандарт иштелип чыккан.

Иш-чарадагы тренерлердин бири Бурул Таштабаеванын айтымында, тренингдин максаты – тренингдин катышуучуларына буга чейин иштелип чыккан кесиптик стандарттардын негизинде мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууну үйрөтүү: "Тренингде мамлекеттик билим берүү стандарттары жана алардын программалык мазмунун иштеп чыгуу маселесин талкуулайбыз. Анткени мугалимдер стандарттардын талаптарын билип, алардын негизинде окуу программасын, баалоо системасын түзүп, окуу процессин жүргүзүшү керек".

Республикалык илимий-методикалык борбордун директорунун орун басары Алымкан Сатарова тренингдин маанилүүлүгүнө токтолду: "Тренингдин катышуучулары учурдагы эмгек рыногунун талаптарына жооп бере ала турган билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга керек болгон көндүмдөргө ээ болот".

Баштапкы билим берүү стандарттары окуу-усулдук бирикмелери тарабынан иштелип чыгат. Аларга Республикалык илимий-методикалык борбор жана кесиптик лицейлер кирет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар