Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Алдыңкы тажрыйба борборунун социалдык өнөктөштөрү үчүн көз карандысыз сертификациялоо маселелери боюнча тренинг өткөрүлдү

Көрүлдү: 69

Бүгүн, 19-сентябрда ЖАГУнун Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борборунда социалдык өнөктөштөрдү көз карандысыз сертификациялоо, гендер жана инклюзия маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

post.title

Ушул тапта, жаңы технологиялардын ыкчам өнүгүүсүнөн улам, жумушчуларга болгон талаптар дагы өзгөрүүдө. Ал эми жумуш ордунда компетенттүүлүктү өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен, колледждин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо тутумун түзүү окуу жай үчүн маанилүү багыттардын бирине айланды. Андыктан, ушул маселелер бүгүнку тренингдин башкы темасы болуп, катышуучулар тарабынан кызуу талкуу жаратты.

Тренинигдин катышуучулары белгиленгендей, акыркы жылдары бүтүрүүчүлөрдүн билиминин сапаты байкаларлык жогорулап, өндүрүштө окутуу аркылуу алган көндүмдөрдүн аркасы менен жумуш ордунда тезирээк ыңгайлаша баштады. Бул, окуу жайдын иш берүүчүлөр менен тыгыз иштешүүсү, окуу программаларын түзүүдө иш берүүчүлөрдүн сунуштарынын эске алынышынын аркасында мүмкүн болду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия Өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору инновациялык методологияларды киргизүү аркылуу кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Алардын бири - иш берүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар менен социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү болуп саналат.

Долбоор тарабынан иштелип чыккан тийиштүү колдонмолор жана жоболорду колдонуу менен, учурда 8 Алдыңкы тажрыйба борбору ар кандай багыттар боюнча 140тан ашык иш берүүчү менен кызматташууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар