Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Алдыңкы тажрыйба борборунун социалдык өнөктөштөрү үчүн гендер жана инклюзия маселелери боюнча тренинг өткөрүлдү

Көрүлдү: 62

Бүгүн, 15-сентябрда Кара-Балта шаарындагы Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында социалдык өнөктөштөр, иш берүүчүлөрдүн жана башка уюмдардын өкүлдөрү үчүн гендер жана инклюзия маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

post.title
Тренингдин алкагында ишке алууда жыныстык же башка белгилери боюнча басмырлабоо, гендердик аспектини эске алуу менен иш процесстерин уюштуруу принциптери каралды. Ошондой эле, жумуш ордунда студенттерди жынысына, ден-соолугуна байланыштуу муктаждыктарын эске алуу менен окутууда иш берүүчүлөр менен окуу жайдын өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.
 
Белгилей кетсек, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи «Секторду  өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун 8 пилоттук колледжинин бири болуп саналат. Алардын бардыгында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн. 
 
Ошондой эле пилоттук колледждердин имараттары мүмкүнчүлүгү чектелүү окуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен реконструкцияланган:
- мүмкүнчүлүгү чектелүү студенттер үчүн көтөргүчтөр, полдогу тактилдик плиталар, кармагычтарда Брайл
 шрифтиндеги көрсөткүчтөр орнотулган;
- пилоттук окуу жайларда гендер жана инклюзия маселелери менен алектене турган кызматкерлер аныкталган.
 
Аталган кызматкерлер билим берүү процессинде гендердик жана инклюзивдик мамиле боюнча тренингдерден өткөн.
 
 
Жалпысынан 17 колледж жана 16 кесиптик лицей «Секторду  өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун пилоттук окуу жайлары болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар