Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Аймактарда жана борбор калаада артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалдары өттү

Көрүлдү: 39

2023-2024-окуу жылына карата колледждерде жана лицейлерде кабыл алуу кампаниясын колдогон фестивалдар 26-апрелден 19-майга чейин Бишкек, Кара-Балта, Жалал-Абад, Ош, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында болуп өттү.

post.title

Иш-чаралардын максаты – коомчулук арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, иш берүүчүлөрдү кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө тартуу.

Фестивалдарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, шаар мэрияларынын, колледждердин, лицейлердин өкүлдөрү, ошондой эле иш берүүчүлөр жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

Фестивалдар жалпысынан 10 000ден ашуун мектеп окуучуларын камтыды. Алар үчүн 30га жакын колледж жана 80дей лицейдин өкүлдөрү адистиктер жана кесиптер боюнча жарманкелерди өткөрдү.

Иш-чараларда 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү ар кандай кесиптер жана адистиктер менен таанышты. Алар электр чынжырчаларды түзүп, кондитердик азыктарды жасап, автоунаалардын түзүлүшүн көрүп, өздөрүн электр ширетүүчү, ашпозчу, кийим тигүүчү, IT-адиси жана башка ролдордо сынап көрдү.

Ошондой эле, бүтүрүүчүлөр окуу жайлардын өкүлдөрүнө өздөрүн кызыктырган суроолорду бере алды. Аларды окутуунун багыттары, кабыл алуу шарттары, окуу программалары, окуу жайдын социалдык-тиричилик шарттары жана башкалар кызыктырды. Мындан тышкары, окуучулар иш берүүчүлөр менен баарлашты. Иш берүүчүлөр балдарга адистиктер жана кесиптер боюнча өз кеңештерин берип, ошондой эле бүгүнкү күндө мыкты адис болуу үчүн кандай көндүмдөр талап кылынарын айтып берди.

Мындан тышкары фестивалдын катышуучулары үчүн конкурстар, викториналар, студенттердин мода көргөзмөлөрү, окуу жайлардын чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа даярдалган.

Фестивалдар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн, ошондой эле окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик техникалык билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун сапатын жана окутуу шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча компоненттерди камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар