Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Ош шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы уюштурулду

Көрүлдү: 21

16-майда Т.Сатылганов атындагы паркында өткөн иш-чарага мэриянын, колледждердин, лицейлердин өкүлдөрү, ошондой эле иш берүүчүлөр катышты.

post.title

Иш-чаранын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.

Иш-чаранын башкы аудиториясы Ош шаарындагы мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары болду. Алар үчүн Ош облусундагы 20дан ашык колледж жана лицейлердин өкүлдөрү жарманке, ар кандай мастер-класстарды уюштурган.

Бүтүрүүчүлөр үчүн фестиваль артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер дүйнөсүнө сүңгүп кирип, керектүү көндүмдөрдү үйрөнүп, иш берүүчүлөрдөн кеңеш-насааттарды алуу үчүн аянтча болуп калды.

Мындан тышкары фестивалдын катышуучулары үчүн конкурстар, викториналар, студенттердин мода көргөзмөлөрү жана концерттик программа даярдалган.

Иш-чара Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Фестиваль республиканын бардык жети аймагын камтыйт. Долбоордун алкагында өлкө боюнча жети колледж мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин муктаждыктарын эске алуу менен реконструкцияланган. Бул, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга керектүү адистикти алууга шарт түзөт. Андыктан, иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын катышуусу, аларга окуу жайлар тууралуу маалымат берүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар