Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Нарын шаарында артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өттү

Көрүлдү: 19

Бүгүн, 10-майда Нарын шаарынын башкы аянтында артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы болуп өттү. Иш-чарага Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, шаар мэриясынын, жергиликтүү колледж, лицейлердин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

post.title

Иш-чаранын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясына колдоо көрсөтүү, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.

Ошондой эле иш-чара мектеп окуучуларына кесип тандоодо практикалык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

Өз сөзүндө КР Билим берүү жана илим министрини К. Иманалиев буларга токтолду: "Акыркы жылдары орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын популярдуулугу өстү. Мунун себеби колледж жана лицейлерди аяктаган балдар жумушсуз калбайт. Өзгөчө техникалык багыттагы адистиктер менен кесиптер эмгек рыногунда популярдуу болууда. Андыктан мен окуучуларды жумушчу кесиптерге ээ болууга чакырам".

Иш-чарага Нарын шаарынын жана жакынкы айылдардын мектептеринин 9-11-класстарынын окуучулары катышты.

Фестивалга катышкан окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери мектеп окуучуларына ар кандай мастер-класстарды өткөрдү.

Ошондой эле фестивалдын программасы сынактар, викториналар, студенттердин мода көргөзмөсү, иш берүүчүлөрдүн насаат-кеңештери концерттик программа менен коштолду.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулган. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар