Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы Кара-Балта шаарында өттү

Көрүлдү: 36

27-апрелде артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы Кара-Балта шаарында өттү.

post.title

Иш-чарага шаардын мектептеринин 9-11-класстарынын окуучулары катышты.

Колледж, лицейлердин окутуучулары жана студенттери окуучуларга окутуунун инновациялык технологиялары тууралуу маалымат берип, ар кандай мастер-класстарды өткөрдү.

Ошондой эле фестиваль сынактар, викториналар, иш берүүчүлөрдүн насаат-кеңештери жана концерттик программа менен коштолду.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулган.

Артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы 10-майда Нарын шаарында өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар