Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Бишкекте артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өттү

Көрүлдү: 40

Бүгүн, 26-апрелде Эмен паркында өткөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын директору Канокпан Лао-Арайа, колледждердин, лицейлердин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

post.title

Иш-чаранын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясына колдоо көрсөтүү, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.


Ошондой эле иш-чара мектеп окуучуларына кесип тандоодо практикалык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.


Өз сөзүндө КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу окуучуларды жумушчу кесип тандоого үндөдү: «Орто кесиптик билим берүү системасында биз маанилүү кадамдарды жасай аладык. Мисалы, буга чейин балдар лицейлерде 3 жыл окуса, былтыртадан тарта окуу мөөнөтү эки жыл болуп кыскарды. Аны менен бирге окуучулар аттестат жана дипломго ээ болот. Ошондой эле биз колледж, лицейлердин дараметин жогорулатканга жетиштик».


Ал эми КРдагы АӨБнын директору Канокпан Лао-Арайа өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Азия өнүктүрүү банкы өлкөдөгү орто кесиптик билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүп келет. Ушул тапта биз алардын дээрлик 70 пайызын камтыдык. Калган 30 пайызын дагы камтуу үчүн ишибизди улантып жатабыз. Ал эми окуу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар, кыздар көп билим алып жатканы бизди кубандырат».


Иш-чарага борбордогу мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары катышты. Алар колледж, лицейлерге кабыл алуу шарттары, окуу программалары, социалдык-тиричилик шарттары менен таанышып, окуу жайлардын өкүлдөрүнө кызыккан суроолрун бере алышты.


Фестивалга 10 колледж жана 16 лицей катышкан. Алардын окутуучулары жана студенттери окутуунун инновациялык технологиялары тууралуу маалымат берип, ар кандай мастер-класстарды өткөрдү. Мындан тышкары, окуучулар кызыктуу технологиялар, эксперименттер, тажрыйбаларменен тааныша алды.


Ошондой эле фестивалдын программасында сынактар, викториналар, студенттердин мода көргөзмөсү, иш берүүчүлөрдүн насаат-кеңештери камтылган.Мындан тышкары иш-чаранын концерттик бөлүгүндө  окуу жайлардын чыгармачыл жамааттары жана Кыргызстандын эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулады.


Бишкек шаарында старт алган фестиваль республиканын бардык 7 аймагын камтыйт.


Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар