Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестиваль

Көрүлдү: 45

Бишкек шаар мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларын жана алардын ата-энелерин артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалына чакырабыз!

post.title

Иш-чара ушул жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарындагы Эмен паркында саат 10:00дөн 14:00гө чейин өтөт.


Фестивалдын максаты - колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо, бүтүрүүчүлөр арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптер тууралуу маалымат жайылтуу жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат.


Фестивалда колледж жана лицейлердин адистиктеринин жарманкеси, сынактар өткөрүлүп, мода кийимдери көргөзүлүп, колледждердин чыгармачыл жамааттарынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы  тартууланат. Фестивалдын хедлайнери - актер Азамат Уланов.


Фестиваль Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар