Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КОЛЛЕДЖ ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Көрүлдү: 533

Бүгүн, 6-февралда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилери менен болгон жыйында “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында кызматташуунун багыттарын талкуулады.

post.title
Расул Абазбек уулу быйыл “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбооруна так жана даана талаптардын негизинде 19 окуу жай тандалып алынганын билдирди.

“Окуу жайларды тандоодо алардын жаңычылдыкка умтулуусу, жетекчиликтин компетенттүүлүгү каралды. Эмгек рыногунда эң көп талап кылынган 16 адистикти тандап алганбыз. Быйыл педагогикалык багытты кошуп, 19 окуу жайды тандадык. 19 окуу жайдын чатырын жапкандан баштап, жабдыктарды коюп берүүгө чейин ар биринин өзүнүн көйгөйү бар. Сапаттуу билим берүү үчүн окуу жайдын жакшы инфраструктурасы болуш керек. Июнь айында оңдоп-түзөө, жабдыктарды алып берүү иштери башталат. Бул иштерди 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Буга чейин  8 алдыңкы тажрыйба борборлорун түзгөнбүз. Алдыңкы тажрыйба борборлору жакын жайгашкан кесиптик лицейлерге жана колледждерге өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүү, эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоо жана өндүрүшкө жол ачуу үчүн түзүлгөн”, - деди Расул Абазбек уулу.

Мындан сырткары министрдин орун басары жакында эле кесиптик окуу жайлардын өз алдынчалуулугун камсыз кылуу максатындагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөндүгүн кошумчалады. Бул мыйзам долбоору кесиптик окуу жайлардын өздөрү тапкан каражатты эркин колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун ишмердүүлүк алкагына 9 колледж, 8 кесиптик лицей жана Республикалык илимий-методикалык борбор киргизилген.

Белгилей кетсек, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашып келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар