Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
“СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ: ИНКЛЮЗИВДИК ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН КӨНДҮМДӨР” ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕДАЛЬ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 50

2023-жылдын 18-январында билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагына кошкон өзгөчө салымы, ар тараптуу кызматташтыгы жана жигердүү ишмердиги үчүн “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун жетекчиси Нурлан Атакановго “Кызматташтык салымы үчүн” медалын тапшырды.

post.title

Сыйлык тапшыруу аземинде министр кесиптик-техникалык билим берүүнү жана окутууну өркүндөтүүдө Нурлан Атакановдун салымын белгиледи.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 8 колледж реконструкцияланып, Алдыңкы тажрыба борборлору жана окутуу-өндүрүштүк комплекстери түзүлгөн.

Кесиптик-техникалык билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Квалификациялардын улуттук алкагы иштелип чыгып, өндүрүш менен алакалашуу кеңейтилип, окутуулучулардын дасыгын жогорулатуу үчүн курстар жана окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү боюнча тренингдер уюштурулган.

Нурлан Атаканов долбоор боюнча дагы 10 кесиптик лицей жана 9 колледжде шарттары жакшыртылмакчы деп билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар