Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
БАЙКООЧУ КОМИТЕТ МИНИСТРЛИКТИН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СЕКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 454

20-декабрда билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун Байкоочу комитетинин отуруму болуп, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Айбек Маткеримов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Каржы министрлигинин өкүлдөрү, долбоордун ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары жыйынды ачып жатып: “Кыргызстандын эмгек рыногу жогорку квалификациялуу адистерге муктаж. Министрлик бул багытта стратегиялык пландаштырууну, ченемдик каржылоону, компетенция негизинде окутуу, социалдык өнөктөштүктү жана ишкердиктин негиздерин баштапкы жана орто кесиптик билим берүү деңгээлинде окутууну өнүктүрүү боюнча иш алып барууда”, - деди.

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасын колдоо, өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча долбоорлорду жана программаларды координациялоо боюнча Байкоочу комитет Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү көндүмдөрү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты укту.

Менеджер Нурлан Атаканов долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары менен тааныштырды. Анын ичинде 16 саясий иш-аракеттерди аткаруу, 8 колледжди реконструкциялоо, Алдыңкы тажрыйба борборлорун ачуу, окуу-өндүрүштүк комплекстерди уюштуруу, жалпысынан рынокко багытталган кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун эксклюзивдүү системасын түзүүгө жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Алсак, ар бир колледжди реконструкциялоого орто эсеп менен 800 миң доллар пайдаланылган жана каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен дагы 10 кесиптик лицей жана 9 колледж оңдолот. Кесиптик лицейлердин жана колледждердин студенттеринин саны өскөндүгү долбоордун ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов долбоордун компоненттеринин натыйжалуулугу жана ишмермедүүлүгүн кеңейтүүдө артыкчылыктар боюнча суроолорду берди.

Расул Абазбек уулу ар бир аймакта талдоо жүргүзүлүп, пилоттук колледждер эмгек рыногунда эң көп талап кылынган 16 адистик боюнча студенттерди даярдап жатканын билдирди. Долбоордун мурунку жана азыркы этаптарына колледждер жана кесиптик лицейлер киргизилип, анда администрация жана мугалимдер жаңыланууга жана өнүгүүгө кызыкдар экендиги негиз болгон.

Ишкердиктин негиздерин окутуунун натыйжалуулугу тууралуу суроого башталгыч кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Мамырова кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн 8%ы жеке ишкер болгонун билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов долбоорго эмгек рыногу үчүн адистерди даярдаган кесиптик лицейлерди жана колледждерди киргизүүнү сунуштады. Анткени  бюджети чоң болгон университет колледжин өзү каржылай алат, мындан сырткары колледждин бүтүрүүчүлөрү бакалавриат программасы боюнча окууну улантуусу ыктымал. Ошондой эле ал окуу жайдын жанында практика өтүүчү жерди караштырууну сунуштады.

Эдил Байсалов колледждердеги шарттарды, анын ичинде заманбап шаймандар студенттерге билим берүү, алардын практикалык көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн өздөштүрүү үчүн колдонулушу керектигин баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары төмөнкү маселелерди талкуулашты:

- окуу жайдын каржылоосун рационалдаштыруу, кесиптик көндүмдөргө ээ жана эмгекке даяр адисти даярдоо жана окутууда өндүрүшттүк шарттарын түзүү үчүн төлөө;

- окуу жайларынын имарат жана аянтын натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштүк практика үчүн инфраструктура менен камсыз кылуу;

- окуу-өндүрүштүк комплекстерде окуучулардын тапшырыктарды аткаруудан түшкөн каражаттарды кесиптик лицей же колледждин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн мыйзамга киргизүү.

Байкоочу комитет тарабынан аткарылган иш-чаралар боюнча отчетту жана келерки жылга планды толуктоолор жана сунуштар менен жактырылды.

Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар