Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КОЛЛЕДЖ ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Көрүлдү: 566

Билим берүү жана илим министрлигин «Секторду өнүктүрүү пргграммасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоору дагы 9 колледж жана 10 кесиптик лицейди камтыйт.

post.title

Тандоо комиссиясы тизмеге орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн окуу жайларын:
- Бишкек автоунаа-жол колледжи,
- Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи,
- Бишкек техникалык колледжи,
- ЖАМУнун Кара-Көл колледжи,
- ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи,
- С. Нааматов атындагы НМУнун педагогикалык колледжи,
- Ош курулуш колледжи,
- ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү колледжи,
- Талас агроэкономикалык колледжи,
- № 70 кесиптик лицей, Кызыл-Кыя ш., Баткен областы,
- № 57 кесиптик лицей, Баткен ш., Баткен областы,
- № 76 кесиптик лицей Малуу-Суу ш., Жалал-Абад областы,
- № 39 кесиптик лицей, Токтогул а., Жалал-Абад областы,
- № 82 кесиптик лицей, Ананьево а., Ысык-Көл областы,

- 26 кесиптик лицей, Чаек а., Нарын областы,
- № 54 кесиптик лицей, Кыргыз-Ата а, Ош областы,
- № 6 кесиптик лицей, Көк-Ой а., Талас областы,
- № 25 кесиптик лицей, Кант ш., Чүй областы,
- № 49 кесиптик лицей, а. Токтоналиев а., Чүй областы,
жана Республикалык илимий-методикалык борбор (орто кесиптик билим берүүнү колдоо бөлүмү) киргизүунү сунуштаган.

Билим берүү жана илим министрлигинин «Азия Өнүктүрүү Банкынын «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында камтуу үчүн башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн кошумча окуу жайларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 25-октябрындагы Буйругу менен окутууну пилотоо боюнча иштери каралган. Аны утурулай, колледждердин кызматкерлери үчүн 17-19 октябрда «Компетенциялар негизинде жана иш ордунда окутуу» темасында тренинг өткөрүлгөн.

Мурун билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоору менен 8 пилоттук колледжде:
- С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агроэкономикалык колледжи,
- Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжи,
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи,
- Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи,
- Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи,
- Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжи,
- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок колледжи,
- Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи -
реконструкция жасалган. Жыйынтыгында студенттер үчүн окуу жана жашоо шарттары жакшыртылып, иш ордунда көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн окуу-өндүрүштүк комплекстери ачылган. Бул колледждердин окутуучулары маал-маал квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларга катышып, окутуунун жаңы ыкмаларын жайылтуу жөңүндө тренингдерге катышып турушкан. 2022-жылдын 3-ноябрында пилоттук колледждерде Алдыңкы тажрыйба борборлорунун салтантаттуу түрдү ачылган.

«Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоору кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик техникалык билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун сапатын жана окутуунун шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча компоненттерди камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар