Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРЛОРУНУН ИШТӨӨСҮНӨ РАСМИЙ СТАРТ БЕРИЛДИ

Көрүлдү: 668

Бүгүн, 2022-жылдын 3-ноябрында, республиканын сегиз пилоттук колледжинде алдыңкы тажрыйба борборлорунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

post.title

Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти Колледжиндеги салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая катышты.

Сапаттуу кесиптик билим берүү өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы артыкчылык болууга тийиш. Биздин негизги ресурсубуз – бул адам капиталы деп келебиз дайыма... Ушундай борборлордун көмөгү менен атаандаштыкка жөндөмдүү, Кыргызстандын жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн эмгек рыногунда суроо-талапка жооп берген бүтүрүчүлөрдү даярдоо үчүн алдыңкы тажрыйбаны жайылтабыз», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары. 

"Бул борборлор, жакшы жабдылган гана эмес, алдыңкы болушу керек. Ал эми сиздер анын кандай иш алып барарына, Заманбап экономикага канчалык шайкеш келерине, бул борбордун билим берүү программалары жергиликтүү рыноктун талаптарына канчалык шайкеш келеринин мыкты үлгүсү болууңуздар маанилүү",- деп билдирди Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектен алдыңкы тажрыйба борборлорунун расмий ачылышын жарыялады. Ошол эле учурда мындай салтанат Балыкчы, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Нарын, Ош жана Токмок шаарларындагы пилоттук колледждерде жергиликтүү администрациянын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлүп, түз эфирде көрсөтүлдү.

Алдыңкы тажрыйба борборунун кызматкерлери конокторго колледждин оңдоп-түзөө иштерине чейинки абалынын сүрөттөрүн көрсөтүштү жана реконструкциялоонун натыйжаларын көрсөтүү үчүн лабораториялар, кабинеттер, китепкана, жыйын залдары, квалификацияны жогорулатуу борбору боюнча экскурсия өткөрүштү жана студенттерди окутуу үчүн ылайыкталган аудиториялардын заманбап технологиялык жабдуулары менен тааныштырышты.

Аталган 8 колледж 3 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Cекторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында реконструкцияланды.

"Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарына пилоттук колледждерди реконструкциялоодон кийин 5 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөлгөнүн, аны Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу жана АӨБдүн уруксаты менен республикадагы дагы башка колледж жана кесиптик лицейлерди реконструкциялоого пайдалануу пландаштырылып жатканын айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар