Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
ТИЛ-УЛУТТУН ПАСПОРТУ

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алгандыгынын 33 жылдыгына карата Мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында КББАнын филологиялык билим берүү лабораториясынын атайын иш-планы бекитилип, «ТИЛ-УЛУТТУН ПАСПОРТУ» темасындагы иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарада төмөнкүдөй сынактар болду.

post.title

1. Мамлекеттик тилде иш кагаздарын мыкты жүргүзгөн лаборатория же бөлүм.

2. Мамлекеттик тилде жазылган мыкты илимий-методикалык эмгектер  (2021-2022-жылдардагы макала, усулдук колдонмо).

3. Мамлекеттик тилде даярдалган мыкты электрондук колдонмолор      (2021-2022-жылдар).

4. «Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө менин салымым» аттуу темада 1-1,5 беттен турган эссе.

5. «Сабаттуу жаз» сынагы

6. Көркөм окуу (поэзия, проза, ж.б.)  (көркөм окуу видеолору, онлайн, оффлайн көркөм окуулар).

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.О.Ишеналиева аталган мекеменин кызматкерлерине «Сабаттуу жаз» сынагынын алкагында жат жазуу жаздырды. Аталган иш-чаранын жыйынтыгы боюнча маалымат 2022-жылдын 19-октябрында белгилүү болду. Ага Кыргыз билим берүү академиясынын 33 кызматкери катышып, 27 кызматкер «эң жакшы», 5 кызматкер «жакшы»  жана 1 кызматкер «орто» деген баалар менен бааланышты.

Аталган сынактарга Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, аспиранттары активдүү катышты. Чыгармачылык менен активдүү катышкан кызматкерлер КББАнын жетекчилигинин ыраазычылыктарына ээ болушту жана республикалык Кыргыз тили коомунун, «Рух-Бейне» эл аралык чыгармачылык академиясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Филологиялык билим берүү лабораториясы


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар