Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Кесиптик багыт берүү боюнча Кочкор жана Нарын райондорунун мектептеринде үч жылдык иш жыйынтыкталды

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 27-сентябрында “Глобалдык Өзгөрүүлөр Фонду” Кочкор жана Нарын райондорунун мектептеринде кесиптик багыт берүү боюнча жыйынтыктоочу иш-чарасын Кочкор жана Нарын райондорунда КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрдү. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, № 15 кесиптик лицейдин жамааты, пилоттук долбоорго кирген мектептердин 300дөн ашык окуучулары, мугалимдери жана администрациялары катышты.

post.title

Иш-чаранын программасына ылайык, Т.Темиров атындагы орто мектебинин жана Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында кесипти тандоого арналган класстык сааттардын фрагменттери көрсөтүлдү. № 15 кесиптик лицейдин окуучулары мастер-класстарды көрсөтүп, аталган окуу жайдын алкагында даярдалып жаткан суроо-талапка ээ болгон кесиптер тууралуу айтып беришти. Иш-чарада үч жыл аралыгында кесипке багыт берүүнү жайылтууга салым кошкон мектеп мугалимдерине, өнөктөштөргө Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Пилоттук мектептерге Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте даярдалган кесипке багыт берүү боюнча 5-11-класстар үчүн методикалык колдонмолор берилди.

Мансапова Г.М.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар