Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Сербияда кесипке багыт берүүнүн тажрыйбалары

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 12-сентябрынан 15-сентябрына чейин GIZ колдоосу менен “Ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү” кыргыз-герман долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан билим берүү системасында кесипке багыт берүү боюнча Белградга (Сербия) иш сапары болду.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен (Абдылдаева Гүлшан, Ибраимов Эржигит, Жусупбекова Нурия), Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен (Чаначев Улан, Акунова Гүлзада, Орозакунова Бегайым), КББАдан (Иманкулова Макил, Супатаева Эльвира), РПКК ЖКДден (Курманбеков Жыргалбек ), “Youth of Osh” уюмунан (Азиза Маматкулова) жана GIZ (Гүлжан Мамадиева, Элида Кыдырова) билим берүү системасынын өкүлдөрү "Inventiva" билим берүү борборунда (директору Мария Сречкович Радованович) ишке орноштуруу боюнча  бир катар жолугушууларды өткөрүштү. 

"Inventiva" борборунун кызматкерлери GIZ менен кызматташуунун алкагында Сербияда кесиптик багыт берүү жана орто кесиптик билим берүүнү реформалоо боюнча, жаштардын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү, калктын аялуу катмарын ишке орноштуруу жана башкалар боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырышты.  "Inventiva"  борбору жергиликтүү жаштар бөлүмдөрү менен биргеликте жана Сербия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин колдоосу менен маалымат борборлору жана Кесиптик багыт берүү кызматтары түзүлдү.

2022-жылдын 13-сентябрында Никола Тесла техникалык мектебине жана Нис шаарындагы Цыган студенттер ассоциациясынын (Ален Демири) кеңсесине иш сапары болду.

2022-жылдын 14-сентябрында    "Inventiva"  борборунда  жумушчу тобунун жолугушуусу болуп өттү: Билим берүү, илим жана технологиялык өнүгүү министрлигинин (Габриэла Груйч), Эмгек, ишке орноштуруу, социалдык маселелер жана ардагерлер иштери боюнча министрлигинин (Елена Васич), Улуттук иш менен камсыз кылуу кызматы (Ивана Бозич), "Билим берүүдөн жумушка чейин" (Елена Стефанович).  

2022-жылдын 15-сентябрында биз GIZ кеңсесинде болдук, ал жерде Иван Стоянович Сербияда кесипкөй багыт берүү программасын ишке ашыруу долбоорунун жыйынтыктары менен тааныштырды.

Серб кесиптештеринин тажрыйбасы профессионалдык ориентациянын так системасын ишке ашыруу, ошондой эле стратегиялык өнүктүрүү жана бардык кызыкдар тараптардын иш-аракеттерин координациялоо зарыл экенин көрсөттү.

 

Гулира Мансапова


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар