Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
"PISA-2025" ЖАЙКЫ МЕКТЕБИ

Көрүлдү: 0

Билим берүү тармагынын кызматкерлери PISA-2025 окутуу мектебинен өтүшөт. Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде Кош-Көл айылында 2022-жылдын 17-июлунан 27-июлуна чейин “Кыргызстанда жалпы билим сапатын жогорулатууда PISA-2025 изилдөөсүнө катышууда” деген аталыштагы жайкы мектеп аттуу иш-чара өткөрүлөт.

post.title

         Окуу иш-чараларына Билим берүү министрлигинин, облустук жана жергиликтүү билим берүү органдарынын өкүлдөрү, педагогикалык жогорку окуу жайлардын жана педагогикалык колледждердин кызматкерлери, мектеп предметтерин үйрөнүү тармагындагы адистер, ошондой эле класстардагы окуучулар үчүн окуу-методикалык материалдардын авторлору жана 5-9 класстарда математика, эне тили жана табият таануу предметтери боюнча билим сапатын баалоо тармагындагы адистер катышат.

         Семинарлардын баяндамачылары Россиянын Билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун изилдөөчүлөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер.

         Жайкы мектептин жетекчиси: Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун Билим сапатын баалоо борборунун жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, эл аралык эксперт Галина Ковалева.

Белгилей кетсек, жайкы мектеп алдыдагы PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышууга байланыштуу Кыргызстанда жалпы билим берүү тармагындагы жетекчилердин жана алдыңкы адистерди даярдоо жана уюштуруу иштерин жүргүзүү максатында уюштурулган.

         Сабактардын негизги багыты: Кыргызстанда жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында эл аралык PISA изилдөөсүнүн тажрыйбасынын негизинде 21-кылымдын билим берүү жыйынтыктарын калыптандыруу жана баалоо методологиясын жана негизги ыкмаларын өздөштүрүү. Бардык катышуучулар функционалдык сабаттуулуктун алты багыты боюнча окутулат: окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый илим, глобалдык компетенциялар, финансылык сабаттуулук, креативдүү ой жүгүртүү.

10 күндүн ичинде эки агым боюнча 180 адам окутулат. Окутуучулар үчүн семинарлардын уюштуруучулары: Евробиримдиктин “Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” долбоору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим” долбоору.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар