Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
ТИЛ – ДОСТУКТУН АЧКЫЧЫ

Көрүлдү: 0

21-ФЕВРАЛЬ –ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ карата «ТИЛ – ДОСТУКТУН АЧКЫЧЫ» темасынын алкагында КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясы, РПККЖжКДИнин филологиялык билим берүү кафедрасы жана курстун угуучулары менен адабий иш-чара жана «Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу тегерек стол 2022-жылдын 18-февралында болуп өттү.

post.title

         Иш - чаранын жүрүшүн  филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.к., проф. К. Э. Эсеналиева, КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү башчысы п.и.к. А. Б. Батыркулова  ачып, куттуктоо сөзүн РПККЖжКДИнин директору А. Д. Токтомаметовго берди. Андан соң КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери п.и.д., профессор С. К. Рысбаев, КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери п.и.д., профессор А. Т. Турдугулов Эл аралык эне тил күнү менен  куттукташты.  

         Программа боюнча 1-бөлүк кыргыз тили, орус тили  курстарынын  угуучуларынын мазмундуу, кызыктуу адабий-музыкалуу концерти менен  улантылды.  2-бөлүк   «Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери»  деген темадагы тегерек столдо угуучулар стандарт, программа, окуу китеби, кыргыз тилине бөлүнгөн сааттар, окутуудагы көйгөйлөр, ПИЗА тестине даярдык боюнча  суроолор берилди. КББАнын  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын илимий кызматкерлери С. К. Рысбаев, А. А. Турдугулов, А. Б. Батыркулова жооп беришти. Иш-чара мазмундуу, жемиштүү өттү.

         А. Батыркулова

Г. Мансапова 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар