Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясында 3-5 жаштагы балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү программасы талкууланды

Көрүлдү: 634

2021-жылдын 13-июлунда Кыргыз билим берүү академиясынын Эрте өнүтүрүү жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын отурумунда ZOOM аркылуу китепканалардын базасында жана башка социалдык объекттерде балдарды өнүктүрүү борборлорунун 3-5 жаштагы балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү программасы талкууланды.

post.title

Иш-чарага китепканачылар, шаардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдору, ЮНИСЕФтин координатору А. Камалова, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти Т. Орусбаева ж.б. катышышты. Отурумду лабораториянын башчысы Ч. Аттокурова ачып, сөздү программаны түзгөн Т. Орусбаевага берди. Алдын ала программа электрондук почтага салынгандыктан, талкуу кызуу жүрдү. Ч. Майтикова, К. Дандырбаева, Р. Жумакадырова талкууга жигердүү катышышты. Аягында лаборатория китепканалардын базасындагы жана башка социалдык объекттердеги балдарды өнүктүрүү борборунун 3-5 жаштагы балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү программасын апробациялоо чечимин кабыл алды.

Чинара Аттокурова, Зарема Толобекова

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар