Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билим берүүнүн МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

Көрүлдү: 0

2021-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун бирдиктүү порталда коомдук талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектебинин Мамлекеттик билим берүү стандарты жарыяланган.

post.title

 

Токтом долбоорунун максаты жана милдети - заманбап билим берүү мейкиндигинде негизги жана предметтик компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган жалпы билим берүүчү жаңы Мамлекеттик билим берүү стандартын киргизүү, бардык балдарга билим алуу үчүн бирдей  жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде инклюзия принциптерин, коопсуз жана өнүгүп жаткан билим берүү чөйрөсүн түзүү жана окуучулардын ар биринин чыгармачылык жөндөмүн, денесаламаттык, психикалык, социалдык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүн аныктоо жана өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана менчигине, уюштуруу-укуктук формасына карабастан билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү жана типтери үчүн мектептик билим берүүнүн негизги ченемдик укуктук документи болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептердин Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан түзүлүп, анын курамына педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү, мугалимдер, методисттер жана Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери кирди.

Электрондук шилтеме.

Талкуунун мөөнөтү 2021-жылдын 27-июлуна чейин

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар