Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун жылдык пландоосу

Көрүлдү: 0

2021-жылдын 7-8-декабрында бардык ведомстволордун жана өнөктөштөрдүн катышуусунда GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун жылдык пландоосу боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча аймактык башкармалыктарынын, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана адистери катышты.

post.title

Жылдык пландаштыруу 2022-жылга карата негизги максаттарды жана иш-чараларды белгилеген долбоордун стратегиялык окуясы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында «Эмгек рыногун тейлөөнүн сапатын жогорулатуу» иш-чараларынын алкагында түзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептердин 9-классында кесиптик багыт берүү программасынын 5 этаптуу моделин киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда,  Кыргызстандагы пилоттук мектептерде «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» (GIZ) программасынын алкагында.

         2022-жылы 50дөн ашык мектепти камтуу пландалууда. Бул программанын максаты: кесиптик багыт берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, стратегиялык өнүктүрүүнү жана иш-аракеттерди координациялоо.

Мансапова Г.


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар