Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
“Климаттык өзгөрүүнү орто мектептин окутуу программаларына киргизүү жана мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу”

Көрүлдү: 0

24-июнда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде “Климаттык өзгөрүүнү орто мектептин окутуу программаларына киргизүү жана мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу” деген мугалимдер жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө арналган тренинг болду.

post.title

 

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Чүй областынын жана Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин мугалимдери, бүтүрүүчүлөрү,  Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти п.и.д., профессор У.Э.Мамбетакунов жана ага илимий кызматкер Г.М.Мансапова катышты.

Тренинг Кыргыз билим берүү академиясынын, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин эксперттери тарабынан иштелип чыккан методикалык окуу куралынын негизинде климаттык өзгөрүү аспекттерин орто билим берүү мекемелериндеги 4 предметтин химия, биология, физика, география окуу мазмунуна киргизүү боюнча өттү. Тренингдин жүрүшүндө мугалимдер жана окуучулар үчүн жазылган окуу-методикалык колдонмолор тууралуу презентациялар жасалып, суроо-жооптор болду.

КУУда өткөн тренинг бир катар министрликтердин, бейөкмөт уюмдардын жана окуу жайлардын катышуусу менен иштелип чыккан Климаттык өзгөрүү боюнча окутуулардын комплекстик иш чаралар планынын  алкагында уюуштурулган. Бул пландын негизги максаты 2030-жылга чейин климаттык өзгөрүү суроолорун билим берүү системасына киргизүү, ушул жаатта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана калкты маалыматтандыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.

Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери Мансапова Гулира

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар