Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
КБАнын кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык дистанттык окутууга тартуу боюнча вебинарга катышты

Көрүлдү: 913

2021-жылдын 1-декабрында ЮНЕСКО жана Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Көп тараптуу донордук шериктештик фонду (UNPRPD) Борбор Азиядагы мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык дистанттык окутууга тартуу максатында экинчи вебинар уюштурушту.

post.title

Вебинарда төмөнкү темалардагы баяндамалар угулду:

- «Баарына билим берүү: Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык дистанттык окутууга киргизүү боюнча сунуштар (ыңгайлаштырылган вариант)» А. Кыдыралиева, долбоордун координатору.

- «ЮНЕСКОнун иш-аракеттерин текшерүү баракчалары боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы» Матохина Т., Информатика мугалимдеринин ассоциациясынын жумушчу тобунун эксперти.

- «Казакстандагы жана Кыргызстандагы Ачык билим берүү ресурстарына (OОР) жана бекер ачык булактуу программалык камсыздоого (СОПО) обзор» Клепачева Е.А.

Вебинарга Кыргыз билим берүү академиясынын инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Супатаева, башкы адиси Айгүл Аземовалар угуучу катары катышты.

Катышуучуларга ЮНЕСКОнун «Обочолонтуудан тартып мүмкүнчүлүктөрдү жана укуктарды кеңейтүү»» программасынын алкагында «Баарына билим берүү: мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык жана дистанттык билим берүүгө киргизүү” боюнча: http://ru.unesco.kz/webinar-on-engaging-students-with-disabilities-in-open-distance-learning-in-kazakhstan сайтындагы орус, казак жана кыргыз тилдеринде жаңыланган ыңгайлуу колдонмолор сунушталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар