Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Бишкекте мектептерде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Көрүлдү: 1595

2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында мектептерде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Аны Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштуруп, өткөрдү. Тегерек столдо Кыргызстандын мектептеринде инклюзивдик билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын таасири талданды.

post.title

Тегерек столдо Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев жана аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетовалар чыгып сүйлөштү.

Оңол Уманкулова («EdNet» КФ) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу жана Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын буйругу менен республиканын 89 мектебинде окуу процессинин катышуучуларынын (педагогдор жана ата-энелер) арасында 2020-2021-жылдары жүргүзүлгөн Кыргызстандын мектептеринде инклюзивдик билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2020-2021-жылдарда КР ББӨСтүн таасирин чагылдырган изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырды. Анын айтымында, изилдөө эки этаптан турган: биринчиси 2020-жылга чейин ББӨСтү ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык мектеп системасындагы инклюзивдик билим берүү тармагындагы жетишкендиктин негизги көрсөткүчтөрүн ачып көрсөтүүнү жана аныктоону камтыган, ал эми экинчи этапта өлкөнүн 7 аймагында жүргүзүлгөн талаа иштери (респонденттердин сурамжылоосу) көрсөтүлгөн.

Талкууга инклюзивдик билим берүү көйгөйлөрү менен алектенген педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү: И. Арабаев атындагы КМУнун инклюзивдик өнүктүрүү лабораториясынын башчысы, педагогика факультетинин деканынын орун басары Кеңеш Тилекеев, Республикалык ПМПКнын башчысы Татьяна Романова, КББАнын инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Супатаева жана ушул эле бөлүмдүн башкы адиси Айгүл Аземова, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын жана аймактык усулдук борборлордун кызматкерлери: Турдубаева Гузел, Эгембердиева Венера, Чоңдорго билим берүү боюнча Кыргызстан ассоциациясынын директору Карагул кызы Чолпон, ошондой эле өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын өкүлдөрү: Бирюкова Виктория («Теңдик»), Надирбекова Анара (EFCA), Ногойбаева Айша («Үмүт-Надежда»), Сыдыкова Жылдыз («Колдон колго»), Узенова Миргүл («Эрфолг Консалт»), Сулайманова Айсулу (ЮНЕСКО) катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар