Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
“Каттар марафону” Кыргызстанда

Көрүлдү: 0

2021-ж. 28-29-октябрь күндөрү Бишкек шаарында республиканын бардык региондорунан чогулган 18 мугалим Amnesty International уюмунун Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте уюштурган Адам укуктары жана “Каттар марафону” аралаш курсунан өтүп, өз билимдерин жогорулатып кайтышты. Эки күнгө созулган тренинг маалыматтарга бай болуп, интерактивдүү методдордун негизинде сабактар өтүлдү.

post.title

28-29-октябр күндөрү Amnesty International – Эл аралык Мунапыс уюму Кыргызстандагы мугалимдер үчүн Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте уюштурган Адам укуктары боюнча II Аралаш курс жана “Каттардын марафонун” өткөрдү. “Каттар марафону” адам укуктарын коргоо боюнча дүйнөдөгү эң ири кыймыл. Amnesty International уюму жыл сайын эркин көз карашы, сөзү жана ой-пикири үчүн куугунтукка, кыйноого кабылган жана түрмөгө кесилген адамдарды коргоп «Каттар марафону» кампаниясын өткөрөт. 2001-жылы 2326 кат жазылса, 2020-жылы адам укуктарынын бузулушунан жапа чеккендерди колдоо жана коргоо үчүн дээрлик 4,5 миллион кат жазылган. Amnesty International адам укуктарын коргоого гана чакырбастан, Amnesty Academy платформасында Адам укуктары боюнча иштелип чыккан онлайн курстарды да сунуштайт. Эки күндүк тренингде мугалимдер адам укуктары боюнча онлайн жана оффлайн курстарынан өтүп, украиналык кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышышты. Соңунда сертификаттарды жана Адам укуктары боюнча методикалык материалдарды алышты.


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар