Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Бишкекте медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча II Борбор Азиялык конференциясы өттү

Көрүлдү: 0

CAMILCon2021 салттуу экинчи тематикалык конференциясы "Медиа сабак: жаратабыз, тартабыз, чечебиз!" деген ураан менен өттү. Конференциянын темасы инфодемия учурунда медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун актуалдуулугун баса белгилейт. Фейк кабарлар жана туура эмес маалымат агымы менен күрөшүүдө эл аралык коомчулук алдында коопсуз маалымат чөйрөсүн түзүү милдети турат.

post.title

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Дэвид Вестенфелдер, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, DW Академиясынын Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Лидия Ранерт, "ММК колдоо борбору" фондунун башкы директору Алмазбек Курманкалиев, "Медиа Сабак" фондунун директору Айчүрөк Усупбаева катышты.

Конференция эки күнгө созулду. Панелдик талкууда Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин, Өзбекстандын Элге билим берүү министрлигинин жана Түркмөнстандын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү онлайн байланышы аркылуу катышышты. Конференциянын алкагында катышуучулар кызматташтыкты түзүп, билим берүү системасында медиа маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу үчүн тажрыйба жана жаңы идеялар менен алмашышты.

Финляндия, Франция, Германия, Грузия, Россия жана Украинадан келген эл аралык эксперттер жана ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) жаатындагы алдыңкы адистер өз тажрыйбалары жана ийгиликтери менен бөлүштү. Катышуучулар сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнү, сөз эркиндиги менен жек көрүүчүлүктү айырмалоону жана медиа сабаттуулукту окуу процессине интеграциялоону үйрөнүштү. Кыргызстандын бардык региондорунан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мугалимдер жаңы билимдерге жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту.

Конференция КФ Медиа сабак тарабынан, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү системасы аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча меморандумдун негизинде, Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы биринчи болуп медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча конференция уюштурган. Иш-чара эксперттердин жана катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, алар медиа сабаттуулукту жайылтуу үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар