Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Мамлекеттик тил күнүн утурлап «Тил – адамдардын көпүрөсү, тарых – кылымдардын көпүрөсү» аталышындагы шаардык семинар

Көрүлдү: 0

Кыргыз билим берүү академиясынын Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясы 23- сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата жана кыргыздын алгачкы агартуучусу, тилчи, окумуштуу К.Тыныстановдун 120 жылдык маарекесине арналган «Тил – адамдардын көпүрөсү, тарых – кылымдардын көпүрөсү» аталыштагы шаардык семинарды Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы менен биргеликте өткөрдү. Иш-чараны Кыргыз билим берүү академиясынын Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты А.А.Батыркулова жогорку деңгээлде алып барды. Шаардык семинар жогорку окуу жайлар, мектептер менен тажрыйба алмашуу, кызматташуу, байланыштуу чыңдоо максатын көздөдү.

post.title

 Эки бөлүктөн турган семинар Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөрүлүлүп, биринчи бөлүгү китеп көргөзмөсү менен тааныштыруудан башталды. Майрамдык салтанатты УИТМЛдин директору М.У.Касымалиев өзүнүн куттуктоосу менен ачты. Андан соң, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкерлери, профессорлору С.О.Байгазиев жана  С.К.Рысбаев кыргыз тилин тарыхы, өнүгүшү жана келечеги боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү. Мугалимдерге авторлор китептерин белекке беришти. Иш-чара мектеп-лицейинин окуучуларынын майрамдык концерттик программасы менен коштолду.

Семинардын экинчи бөлүгүндө ачык сабактар уюштурулуп, семинардын коноктору ар бир секцияга бөлүнүштү. Ачык сабактар боюнча М.Шабданова “Кептин стилдери “ жана Т.Жангазиева ОРТга даярдоо боюнча өтүшсө, Н.Кошалиев  “Кыргыз тили - кылымдын тили” жана А.Батыркулова “Кыргыз тил илиминин изилдөөчүсү, агартуучуга 120 жыл” аталышында класстык тарбиялык сааттарды өткөрүштү. Семинардын катышуучулары өтүлгөн сабактар боюнча пикир алмашышты.

Урматуу кесиптештер!

Тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп, өстүрүп туруу ар бир КЫРГЫЗ АТУУЛУНУН ыйык милдети. Кыргыз тилибиз дагы коп кылымдар жашап, эртеңки келечегибиздин бекем болушуна түбөлүк түркүк болуп, дагы байып, тамырын кеңири жая берсин! Бүгүнкү “Улуу майрам” кут болсун!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар