Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Чүй облустундагы Панфилов районунун мугалимдери үчүн методикалык семинар өткөрүлдү

Көрүлдү: 720

Кыргыз билим берүү академиясынын Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев 2021-жылдын 2-сентябрында Чүй облусунун Панфилов районундагы №2 Кайыңды гимназиясында өткөрүлгөн методикалык семинарга катышты.

post.title

Райондун кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалимдери катышкан семинарда профессор С. Рысбаев кыргыз тилин эне тил жана экинчи тил катары окутуунун, адабий билим берүүнүн өркүндөтүлүп түзүлгөн концепциялары, 5-9-класстар үчүн кыргыз тилинин жаӊы өркүндөтүлүп түзүлгөн программасы тууралуу кеңири маалымат берди.

Семинарга катышкан мугалимдер жаңы концепциянын жана анын негизинде жазылган 5-9-класстардын кыргыз тили программасынын өзгөчөлүктөрү туурасында толук маалымат алышты. Семинарда суроолор берилип, аңгемелешүү болду.

Семинардын жыйынтыгында аталган гимназияны лабораториянын эксперименттик аянтчасы кылуу чечими кабыл алынды жана быйылкы жылдын октябрь айынан тартып мугалимдер тарабынан жаңы программанын идеялары колдонулуп, ачык сабактар өтүлүп, талкуулар уюштурулмай болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар