Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
"Үзгүлтүксүз билим берүү системасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү" долбоорунун жыйынтыктары

Көрүлдү: 0

2021-жылдын 3-сентябрында Сорос-Кыргызстан Фондунун конференц-залында "Квалификацияны жогорулатуу системасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жумушчу жолугушуу болуп өттү.

post.title

"Өлкөнүн келечеги" КФнын алдыңкы эксперттери Дунганова Жамиля Эрнстовна жана Абдылдабеков Билимбек Абдылдабекович РИПК жана ППР үчүн мугалимдерди даярдоо программаларында инклюзивдик билим берүү боюнча минималдуу базалык мазмунду сунушташты.

Амерханова Сания Ахмедовна жана Тогузбаева Нургүл Мукашевна колдонуучуларды негизги терминдер менен тааныштыруу максатында, орус жана кыргыз тилдериндеги инклюзивдик жана инклюзивдүү мамилени түшүнүү үчүн зарыл болгон "Инклюзивдик жана атайын билим берүү терминдеринин сөздүк-справочнигин" презентациялашты. Бул сөздүк инклюзивдик билим берүү тармагында иштеген мугалимдер, окутуучулар, студенттер, адистер жана ата -энелер үчүн пайдалуу болот.

 

Аземова А.А.


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар