Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутуунун, адабий билим берүүнүн өркүндөтүлүп түзүлгөн концепциясын талкуулоо

Көрүлдү: 0

2021-жылдын 25-августунда Кыргыз билим берүү академиясынын көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын илимий кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутуунун жана адабий билим берүүнүн өркүндөтүлүп түзүлгөн концепцияларын талкуулоо боюнча Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мекемелеринин мугалимдери менен онлайн жолугушуу уюштурулду.

post.title

КББАнын Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор С.К.Рысбаев, ушул эле лабораториянын башкы илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор С.Байгазиев жана лабораториянын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты А.Б.Батыркулова Кыргыз тили эне тили жана экинчи тил катары окутуунун, адабий билим берүүнүн өркүндөтүлгөн концепцияларынын максаты жана милдеттери, окутуу өзгөчөлүктөрү жана негизги багыттары, окутуп-үйрөтүүнүн дидактикалык талаптары жана негизги компетенттүүлүктөр боюнча кеңири маалымат беришти.

Талкулоого Кыргыз Республикасынын кыргыз тил жана адабият предметтеринин мугалимдери активдүү катышып, өзүлөрүнүн сунуш-пикирлерин берип атышты. О.э., мугалимдер өздөрүнүн суроолоруна КББАнын адистери тарабынан кеӊири жоопторду алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар