Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектебинин Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоорун талкуулоо

Көрүлдү: 0

2021-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топтун катышуучулары Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектебинин мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоорун талкуулашты.

post.title

КББАнын вице-президенти, профессор У.Э. Мамбетакунов катышуучуларды билим берүү системасынын эксперттеринен алынган сын -пикирлер жана сунуштар менен тааныштырды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү билим берүү багыттарынын мазмунун, мамлекетке жана мектеп компоненттерине бөлүнгөн окуу жүктөмүн бөлүштүрүүнү, ошондой эле гимназия мектептери жана лицей мектептери үчүн предметтерди тереңдетүү боюнча талкуулашты.

Сунуштардын негизинде өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Супатаева Э.А., Мансапова Г.М.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар