Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме

Көрүлдү: 0

2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде «Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү – татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү» аталышында билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өткөрдү.

post.title

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т. Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Ж. Мусаев, Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын Жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн серепчиси С.К. Тажиматов жана «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ректору С.С. Эрдолотовдор катышышып, республикабыздагы жалпы тил маселеси боюнча ойлорун бөлүшүштү.

Пленардык сессияны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ү. Ибраимова ачып, республикалык кеңешме – билим берүү тармагындагы идеялардын аянтчасы болуш керектигин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын  Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын ага илимий кызматкери, педагогика илиминин доктору, профессор С.К. Рысбаев Кыргыз тили эне тили, экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясы тууралуу кеңири маалымат берди.

Кеңешменин секциялык ишинде да «Кыргыз тилин эне тили, экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясы тууралуу кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери» боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын  Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын ага илимий кызматкери, профессор С.К. Рысбаев жана аталган лабораториянын башчысы А.Б. Батыркуловалар мугалимдерге өз кеңештерин беришти. Бала бакчадагы көп тилдүү билим берүү маселелери боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын  Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери А.А. Бекбоева «Көп тилдүү билим берүү жана бала бакчада кыргыз тилин окутуунун азыркы абалы» жана «Билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көп тилдүү билим берүүнүн ролу» боюнча өткөрүлгөн мастер-класстарга активдүү катышты. Ал эми «Манас» эпосун окутуудагы маселелери боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери З.К. Мурзалиева өс сунуштарын берди. Мындан тышкары, кыргыз тилинде китеп басып чыгаруу маселелери, «Улут» мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу боюнча кенен сөз болду.

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздердин талыкпаган мээнетиңиздердин жана кажыбас кайратыңыздардын аркасында өлкөбүздө келечек муундарыбызга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берип келе жатабыз. Убагында улуу жазуучубуз Ч.Айтматов «Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы – үйдөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү» деп бекер айтпаса керек.  Андыктан ата-энелер менен чогуу келечек муунду тарбиялоо баарыбыздын колубузда. Сиздерге мекенибизде бейпилдикти, жашооңуздардагы бакубатчылыкты жана чың ден соолукту каалайм. Барыңыздарга терең ЫРААЗЫЧЫЛЫК жана ТААЗИМ!

 

Кыргыз билим берүү академиясынын  Көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери А.А. Бекбоева

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар