Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АККРЕДИТАЦИЯЛОО: ЭКСПЕРТТЕРДИН ПОТЕНЦИАЛЫН ЖОГОРУЛАТУУ МАКСАТЫНДА ОКУТУУ СЕМИНАРЫ ӨТӨТ

Көрүлдү: 1107

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча эксперттердин потенциалын жогорулатуу максатында окутуу семинарын өткөрөт.

post.title

Семинар 2022-жылдын 6-7-октябрында мектеп билим берүүсүнүн сапатын тастыктоо маселелеринин алкагында Бишкек шаарында өтөт.

          Семинарга катышуу үчүн 2022-жылдын 28-сентябрына чейин accreditation@edu.gov.kg электрондук дарегине мамлекеттик же расмий тилде жазылган арыз жөнөтүү керек.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • жогорку кесиптик билими тууралуу документ;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • резюме.

Семинардын катышуучуларына төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:

  1. Жогорку кесиптик билиминин болушу;
  2. Мектептин директору же директордун орун басары болуп 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
  3. Мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү;
  4. Жалпы билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актыларды билүү;
  5. Компьютер жана башка техника менен иштей билүү, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу.

Эскертүү: Документтерди тандоо боюнча жумушчу комиссия 2022-жылдын 29-30-сентябрда иш алып барат. Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө тапшырбоо же тариздөө эрежелерин бузган талапкерлерге семинарга катышуу укугу берилбейт.  

Тиркеме

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар