Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 568

Бүгүн,14-сентябрда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин буйругу менен  Абдраева Айгүл Төлөковна И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 24-августунда мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору кызмат ордун ээлөө үчүн ачык сынак жарыялаган.

Сынактын жыйынтыгында  Айгүл Абдраева эң жогорку упайга ээ болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Айгүл Абдраева  ушул эле университетте биринчи проректор болуп эмгектенип келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар