Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН МЕЗГИЛИ”. РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ

Көрүлдү: 587

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте ректорлордун Дүйнөлүк форуму башталды. Биринчи жолу өтүп жаткан форумга дүйнөнүн 60дан ашуун өлкөсүнөн ректорлор жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышууда.

post.title

“Бүгүн биз жаңылануу тездик менен жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Белгисиздик күчөп, биздин жашоонун бардык аспектине жайылууда. Биз мүмкүнчүлүктөр менен тобокелчиликтердин кванттык секиригин көрүп жатабыз. Бүгүн экономикалык өсүштүн табияты өзгөрүүдө. Төртүнчү өнөр жай революциясы жаңы фактыларды жана талаптарды коюуда. Биз глобалдаштыруу регионалдашып, ишмердиктин наркы менен решорингинин жергиликтүү чынжырлары өсүп жатканын көрүп жатабыз. Бул биздин өлкө үчүн жаңы, мурдагы он жылдыктарда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биз бул жаңы тенденцияларды пайдаланышыбыз керек. Университеттердин таасирисиз бизде чыгармачыл мамиле жана өнүгүүдө тапкычтык болбойт”, - деди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров форумду ачып жатып.

 

Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору Дарен Танг өзүнүн куттуктоо сөзүндө жасалма интеллект, квант илими жана вируталдык реалдуу сыяктуу жаңы технологиялардын изилдөөсүндө университеттер эң алдыда баратканын белгиледи. «Ошондуктан бул сектор ишкер чөйрөлөр, саясатчылар жана коомдук сектор менен эриш-аркак иштеп, жер-жерлерде билим менен технологияны эффективдүү жайылтууну иштеп чыгышы керек»,- деди Дарен Танг.

  

Форумга Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус онлайн катышууда. Мухаммад Юнус бангладештик банкир, экономика профессору, 2006-жылы Нобель сыйлыгын төмөндөн жогору экономикалык жана социалдык өнүгүүнү түзүү аракети үчүн алган.

Панелдик сессияда “Инновация — экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы” деген темада Брунел университетинин профессору (Улуу Британия) Татьяна Калганова, Кеттеринг университетинин башкаруу мектебинин деканы (АКШ) Хасиб Дж. Ахмед жана Назарбаев университетинин ректору (Казакстан), доктор Илесанми Адесида баяндама жасашууда.

 

Панелдик талкуулардын жүрүшүндө иннновациялык саясат жана башкаруу, инновация жана социалдык таасир, инновациялык экосистеманын туруктуу өнүгүүсү, жогорку окуу жайларында ишкердикти өнүктүрүү, академия жана өнөр жай ортосунда технология алмашуу, стартаптар жана инкубация деген темаларда баяндамалар жасалып, пикир алышуу жүрүүдө.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар