Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПЕДАГОГДОР ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА GALS ПРАКТИКАЛЫК ОКУТУУ СИСТЕМАСЫН ИЗИЛДЕЙ БАШТАШТЫ

Көрүлдү: 543

Бүгүн, 13-сентябрда төрт максаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдору Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү менен биргеликте, ЮНИСЕФ Балдар Фондунун каржылык колдоосу менен гендердик теңчилик маселелери боюнча GALS (Gender Action Learning System) практикалык окутуу системасын изилдей башташты.

post.title

Тренингдин жүрүшүндө гендердик теңчилик маселелерин балдар менен иштөөгө интеграциялоо максатында эксперттердин колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдор тобу “Балалык” окуу методикалык комплексинин сабактарын жана оюндарын, ошондой эле балдар үчүн гендердик сезимтал чыгармалардын жыйнагын түзүүнү карап чыгышат.

Тренинг мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорунун гендердик сезимталдыгын жогорулатууга жана гендердик теңчиликтин негизинде алардын баалуулуктарын жана жүрүм-турумун калыптандырууга багытталган.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Мектепке чейинки билим берүү саясаты башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова мектепке чейинки билим берүү системасына гендердик аспектилерди комплекстүү киргизүү боюнча мындай тажрыйба биринчи жолу болуп жатканын билдирди.

“Натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө гендердик теңчилик маселелерин андан ары илгерилетүү максатында гендердик теңчилик маселелерине карата жеке мамилени жана көз карашты өзгөртүү аркылуу иш алып баруу биз үчүн маанилүү” – деди Касымова.

Мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперттер Гүлмира Расулова жана Бермет Асанбаева үч этапта тренингдерди өтүшөт. I этап 13-14-сентябрь, II этап 3-4-ноябрь, III этап 17-18-январь.

Гендердик сезимтал мамилелерди изилдөө менен бирге педагогдор “Балалык” окуу-методикалык комплексинин кайра каралып чыккан конспектилерин даярдашат. Ошондой эле Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн тең укуктуулугун илгерилетүү максатында бала бакчанын деңгээлинде конспектилерди апробациядан өткөрүшөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар