Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ЖАНА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ЖУМУШЧУ ТОБУ МЕКТЕПТЕРДИН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 6-сентябрында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорун колдоо боюнча миссиясынын алкагында Дүйнөлүк банктын жумушчу тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.

post.title

Жолугушууга ERIK долбоорунун жетекчиси Чи-Юнь Хуан, табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча адистери Карина Фонсека Феррейра, Гильермо А.Серке, Толкун Жукушева жана консультант Цзинчже Вунун катышты.

Алмазбек Бейшеналиев министрлик менен Дүйнөлүк банктын билим берүү тармагын колдоо боюнча кызматташуусунун оң тажрыйбасын белгилеп, көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар мектептердин абалынын санитардык-гигиеналык талаптарга шайкештигин баалоо, алардын энергоэффективдүүлүгүн, сейсмикалык коопсуздугун аныктоо, ошондой эле аларды жакшыртуу боюнча мектеп инфраструктурасын өнүктүрүү улуттук планын иштеп чыгууда министрлик менен Дүйнөлүк банктын эксперттеринин өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган ERIK долбоору коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине колдоо көрсөтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар