Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
№53 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНЕ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛЬ БЕРИЛДИ

Көрүлдү: 646

Бүгүн, 6-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь жана “Эне — балага тирек” коомдук фондунун өкүлү Арзыкуль Алымбаева №53 жалпы орто билим берүү мектебине интерактивдүү панель тапшырды.

post.title

Министрдин орун басары Мамбетакунов билим берүү тармагына көргөзгөн колдоосу үчүн “Эне — балага тирек” коомдук фондуна жана Кытай Эл Республикасына ыраазычылык билдирип, бул балдардын билим сапатын жогорулатууга болгон чоң салым экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган интерактивдүү панель “Эне-балага тирек” социалдык долбоорун ишке ашыруу максатында кытай элинин колдоосу менен алынган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар