Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР НААРАЗЫЧЫЛЫККА ЧЫККАН ТАРАПТАР МЕНЕН ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 33

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мектепке “Жумушка албай жатат” деп нааразылыкка чыккан тараптар жана райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

post.title

Онлайн жолугушууда министр аталган предметти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин текшерүүсүнөн өткөн теологдор жана “Тарых” предметинин мугалимдери гана окута ала тургандыгын билдирди.

Ошондой эле Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы №177 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, талапкердин квалификациялык талаптарга жооп берген “Теология” багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же “Тарых мугалими” квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу шарт экендигин белгиледи.

Андан сырткары министр билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине аталган предметтин жана Жарлыктын аткарылышы боюнча бир катар тапшырмаларды берип, коомчулукта түшүнбөстүктөр жаралбашы үчүн ишти тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар