Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ДИРЕКТОРЛОРДУ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК КҮТҮҮДӨ”

Көрүлдү: 818

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына директор болуп дайындалган Сайрагүл Атаева менен №68 мектеп-гимназиясына директор болгон Чолпон Рыспаеваны куттуктап, алдыдагы жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады.

post.title

Өз сөзүндө министр бардык талапкерлерге ийгилик каалап, заман талабына жараша өзгөрүүлөргө даяр болуу жана билимдүү муунду тарбиялоо үчүн биргеликте иш алып баруу, атаандаштыкка жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдүн моделин тарбиялап өстүрүү маанилүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында Сайрагүл Атаева 77,5%, ал эми Чолпон Рыспаева 72,5% упай топтоду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар