Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ!

Көрүлдү: 1171

Билим берүү жана илим министрлиги жүйөлүү себептерден улам мектеп формасына ылайык келбеген кийим кийип келген окуучуну эч ким (мектеп администрациясы, мугалимдер, класс жетекчилер) билим алуу укугунан ажырата албастыгын жана ар кандай жаза берүүчү иш-аракеттердин жасалышына тыюу салына тургандыгын билдирет.

post.title

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” 2015- жылдын 12-августунда  №572- токтому  кабыл алынган.

Токтомго ылайык, окуучулардын мектеп формасынын көрүнүшү, өңү, фасону классикалык стилде болууга тийиш. Демек, буга чейин белгиленген кийимдин классикалык стилине болгон талап күчүндө калат.

Ошондой эле окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Шилтеме:

Токтом - https://edu.gov.kg/legislations/149/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар