Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЛТЫН-ОРДО КОНУШУНДА 480 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 710

1-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы №98 мектептин ачылышына жана №10 орто мектебиндеги салтанаттуу линейкага катышты.

post.title

"Алтын-Ордо" жаңы конушундагы 480 орундуу жаңы мектептин аянты 3521 кв/м түзөт. Мектептин имараты 3 кабаттуу.

Ал эми №10 орто мектебинин капиталдык оңдоо иштери 100% аяктады. Мектеп 380 орунга ылайыкташып, 3 блоктон турат.

Жаңы окуу жылына карата 11 жаңы билим берүү обьектиси эксплуатацияга берилди. Алардын ичинен 5и мектеп. Быйыл республикада жалпы 2340 мектеп билим берип баштайт.

Салтанаттуу линейкадан кийин окуучулар үчүн «Кыргыз жараны — жарандардын биримдигинин негизи» темасында биринчи сабак өтүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл республика боюнча 1-класска 160 миңден ашуун бала барат. Жалпы окуучулардын  саны  - 1 млн 300 миң. Ал эми мугалимдердин саны – 82 миң 724.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар