Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕПТЕРДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛАТ?

Көрүлдү: 2322

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылынын башталышы жөнүндө” буйругуна ылайык, бардык мектептерде окуу жылы 1-сентябрда башталат.

post.title

Мектептерде биринчи сабак “Кыргыз жараны – жарандардын биримдигинин негизи” темасына арналышы керек.

Окутуу Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясынын принциптерин камтыйт.

Окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилген.

Мектепте жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты компетенттүүлүккө негизделген окутуу моделинин негизинде этап-этабы менен ишке киргизүлүүдө.

Окуу процесси мектеп окуучуларын 2025-жылы эл аралык PISA изилдөөсүнө катышууга даярдоону карайт.

Жугуштуу оорулардын, анын ичинде COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн тиешелүү иштерди уюштурат.

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар