Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
1-СЕНТЯБРДАН БАШТАП МЕКТЕПТЕРДЕ АПТА БАШЫНДА ЖАНА АЯГЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ГИМН ЖАҢЫРАТ

Көрүлдү: 955

2022-жылдын 1-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн 30-августта министрдин буйругу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик символдорду колдонуу боюнча Усулдук сунуштар бекиди.

/media/uploads/2022/08/30/1_3ZQE93I.docx

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар