Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ӨЗҮН-ӨЗҮ ТААНУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ КУРСУ

Көрүлдү: 738

2022-жылдын 11-15-августунда Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Youth of Osh” жана Кыргызстандагы Хельветас коомдук уюму тарабынан уюштурулган “Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таануу жана өнүктуруу” боюнча окуу курсу болуп өттү.

post.title

Курстун максаты – окуучулардын өзүн-өзү таануусу жана инсан катары калыптанышын, анын көз карашына, дүйнө таанымына, жөндөмдүүлүгүнүн калыптанышына салым кошуу, ошондой эле муундардын ортосундагы байланышты түзүү аркылуу коомдогу туруктуулукту камсыз кылуу.

Мектепте класстык сааттарды өткөрүү үчүн бул 72 сааттык курс үч модулду камтыйт:

I модуль – "Өзүн-өзү таануу жана инсандык өнүгүү" өспүрүмдөр жана жаштар үчүн коммуникация жана турмуштук көндүмдөр, ошондой эле кесипке багыт берүүнүн негиздери;

II модуль – окуучулар менен өз ара аракеттенүүнүн педагогикасы жана психологиясы окуучулар/балдар менен ишенимдүү мамилелерди курууга негизделген мугалимдер үчүн “Насаатчылык”;

III модуль – мектеп окуучуларынын ата-энелери менен иштөө тажрыйбасын жакшыртуу максатында мугалимдер үчүн "Муундар аралык байланыш".

Билим берүү министринин орун басары Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович белгилегендей, жаштарды тарбиялоону жана педагогикалык практиканы өркүндөтүү милдеттерин ишке ашыруу максатында, класстык сааттарды өткөрүү боюнча бир катар окуу куралдары/колдонмолору иштелип чыккан. Тренингтерге Билим берүү академиясынын, РПККжКДдин, областтык билим берүү институттарынын жана республиканын методикалык борборлорунун кызматкерлери катышты. Катышуучулардын мындай курамы сөзсүз түрдө гумандуу, толеранттуу адамдын пайда болушуна негиз боло алат ”.

"Youth of Osh" коомдук бирикмеси жаштардын сапаттуу жашоосу жана өнүгүүсү үчүн билим жана көндүмдөрдү алууга жардам берген прогрессивдүү жаштар уюму Кыргызстанда 14 жылдан ашык убакыттан бери жигердүү иштеп келет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар