Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ БАЛДАРГА КОРДУК КӨРСӨТҮҮНҮН АЛДЫН АЛУУНУН ЖОЛДОРУН ТАЛКУУЛАШТЫ

Көрүлдү: 892

22-августта Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган “Зомбулук жана анын баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири” темасында мастер-класс өткөрүлдү.

post.title

Мастер-класс республиканын мугалимдеринин август конференциясынын тарбия иштери боюнча секциясынын программасына камтылган.

ОшМУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Акчач Жолдошева балдарга карата зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери, кырдаалдан чыгуу жолдору жана анын алдын алуу жолдору боюнча талкуу уюштурду. Катышуучулар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алууга өзгөчө көңүл буруп, бул жаатта үй-бүлө, ата-эне жана балдар менен иш алып баруу зарылдыгын айтышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов иш-чарага облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышканын билдирди.

Эске салсак, ушул жумада 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата республиканын педагогикалык кызматкерлеринин август конференциясы “Билим берүү экосистемасы, жарандык иденттүүлүк жана зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо коомду туруктуу өнүктүрүүнүн шарттары катары” деген темада өткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар