Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН КОНКУРСУНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫНА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Көрүлдү: 4636

Мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасы жарыяланды.

post.title

Сынактын толук жобосу менен таанышып чыгууну сунуштайбыз (жобо менен жакшылап таанышып чыгыңыздар).

► Жобо

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 25-августунан 8-сентябрь, саат 18:00гө чейин өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы(башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Баткен облусу - konkurs2.batken.2022@gmail.com

Жалал-Абад облусу - konkurs2.ja.2022@gmail.com

Ысык-Көл облусу - konkurs2.ik.2022@gmail.com

Нарын облусу - konkurs2.naryn.2022@gmail.com

Ош облусу - konkurs2.osh.2022@gmail.com

Талас облусу - konkurs2.talas.2022@gmail.com

Чүй облусу - konkurs2.chui.2022@gmail.com

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Компьютердик тестирлөө өтө турган график жана жайы тууралуу кошумча маалымат жарыяланат.

 

Көнүл буруңуздар!

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 30-августундагы  №1653/1 буйругунун негизинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмеси кайрадан жаңыланды.

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна арыз бере алат, ваканттык орундар менен да жакшылап таанышып чыгууну сунуштайбыз.

► Ваканттык орундар бар болгон мектептердин тизмеси

Сынак жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот: 0(505)110108, 0(556)110107, 0(755)112237, 0(778)112238.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар