Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ ҮЧҮН 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАЗИСТИК ОКУУ ПЛАНДАРЫ БЕКИТИЛДИ

Көрүлдү: 3828

Жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылы сабактар 1-сентябрында башталып, 25-майда аяктайт.

post.title

► Файл: Базистик окуу пландары

Сабактын узактыгы 1-класста - 40 мүнөттү, 2-11-класстарда - 45 мүнөттү түзөт.

1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин аныктоодо баа койбостон, сапатын белгилөө жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү 2-3-класстарда - 1,5 саат, 4-5-класстарда - 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9-11-класстарда – 3,5 саатка чейин созула турган болуусу шарт.

Каникулдардын графиги:

· күзгү – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;

· кышкы - 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;

· жазгы - 2023-жылдын 20-29-марты.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат.

Окуу процесси жүрүп жаткан кезде окуучуларды айыл-чарба иштерине тартууга тыюу салынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар